Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 2014-жылдын 10-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Кыргызстан менен Россиянын Президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун практикалык кадамдарын, анын ичинде Ош шаарына жана Ош облусуна жардам берүү маселелерин талкуулашты.

2014-жыл 10-июнь