Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин «Кыргызстанда коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө (камсыз кылууда) парламентаризмдин ролу» эл аралык конференциянын катышуучуларына куттуктоосу

Бүгүн, 2014-жылдын 9-июнунда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев «Кыргызстанда коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө (камсыз кылууда) парламентаризмдин ролу» эл аралык конференцияга катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Эл аралык конференциянын урматтуу катышуучулары!

Кымбаттуу достор!

Меймандос кыргыз жергесине кош келипсиздер!

Коррупцияга каршы Парламентарийлердин бүткүл дүйнөлүк уюмунун башкармалыгынын төрагасы Насер Аль Саниге, чет өлкөлөрдүн  парламенттеринин өкүлдөрүнө, эл аралык уюмдарга  көрсөткөн колдоосу жана ушул иш чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Учурда Кыргызстанда коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүлүп жатат. Швед изилдөөчүсү Йохан Энгваллдын пикири боюнча коррупция Кыргызстанда көп жылдар бою “мамлекетти башкаруунун ыкмасына айланган”. Бүгүн биз жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, Кыргызстандын улуттук  кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга тийишпиз. Өлкөбүздө антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясы кабыл алынып, анда саясый жана системалуу коррупцияны жоюуга басым жасалды.

Парламенттин коррупцияга каршы күрөшкө колдоо көрсөткөнү өзгөчө маанилүү деп эсептейм. Көп өлкөлөрдүн өкүлдөрү биригип, Парламентарийлердин бүткүл дүйнөлүк уюмун түзгөндүгү жакшы саамалык. Бул уюмдун ишмердиги өлкөлөрүбүзгө жана элдерибизге зор пайда алып келет деп ишенем.

Коомчулукту ишке тартпай туруп коррупция менен натыйжалуу күрөшүү мүмкүн эмес. Биргелешип жакшы жыйынтыктарга жетише алабыз.

Конференциядагы пикир алмашуу - түйүндүү маселелерди чечүүнүн жолдорун табууга жана чет өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын колдонууга жол ачаары шексиз.

Конференциянын иши натыйжалуу жана жемиштүү болот деп ишенем! Бардык катышуучуларга  чың ден соолук жана ийгиликтерди каалайм!

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                            Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 9-июнь