Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Бүгүн, 2014-жылдын 6-июнунда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Кыргыз Республикасынын  финансы-экономика системасынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика тармагынын кызматкерлери!

Бардыгыңыздарды өлкөбүздүн финансы жана экономика системасынын 90 жылдык мааракеси менен куттуктайм!

Күчтүү финансы-экономикалык система – өнүгүүнүн негизи. Жаңы ишканаларды ачууга, жумушчу орундарды түзүүгө, сапаттуу продукция өндүрүүгө жана аны менен тышкы рыноктордо атаандашууга шарт түзөт.

Финансы жана экономика тармагында иштөө оңой эмес. Биз жеткен ийгиликтердин артында сиздердин көп жылдык эмгегиңер, кесипкөйлөгүңөр, ишке болгон жооптуу мамилеңер турат.

Бир топ иш жасалды, бирок алдыда мындан дагы арбын милдеттер бар. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегияда жакынкы жылдардагы негизги милдеттер катары макроэкономикалык туруктуулукка жетишүү, экономикалык өсүштү камсыздоо аныкталган.

Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракетти жумшайлы. Биргелешип өлкөбүздү бутка тургузалы! Карапайым мекендештерибиздин турмушун өзгөртөлү! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!

Кыргыз Республикасынын       

Президенти                                                                                        Алмазбек Атамбаев

2014-жыл 6-июнь