Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Жусуп Мамай кылымдарды карыткан кыргыз элинин татыктуу уулу, жаратман инсаны”

Бүгүн, 2014-жылдын 2-июнунда, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районун Кызылсу-Кыргыз автономиялык округунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев жетектеген Кыргызстандын делегациясы Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамайды акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышышты.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан сөз окуп берди.

Сөздүн тексти:

“Ардактуу кызыл-суулук боордоштор!

Урматтуу замандаштар!

Манас атанын урпактарынын кабыргасы кайышып, ичи ачышып турган кез. Кыргызстан маданияты, жалпы кыргыз эли орду толгус жоготууга учурады. Улуу Манасчы, Кыргыз Эл Баатыры Жусуп Мамай агабызды акыркы сапарга узатып жатабыз.

“Манас” эпосу – бул кыргыз элинин эн белгиси. Жусуп Мамай агабыз кылымдардын элегинен өткөн элибиздин ыйык мурасын сактап, муундан муунга өткөрүп, опол тоодой эмгек аткарды.  

Залкар манасчы менен Кыргызстан эли гана сыймыктанбастан, дүйнө эли суктанып, урматтаган. Манасчы агабыздын айтуусунда кыргыздардын тарыхы, маданияты, салт-санаасы камтылган. “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим”, “Сейит”, “Асылбача-Бекбача”, “Сомбилек” “Чигитей” дастандары дүйнө элдеринин маданий казнасын байытты.

Жусуп Мамай кылымдарды карыткан кыргыз элинин татыктуу уулу, жаратман инсаны. Кыргызстан менен Кытай элдеринин достук, шериктештик мамилесин, маданий байланыштарын бийик деңгээлге чыгарууга зор салым кошкон данакер.

Жусуп Мамайдай залкар манасчы кылымда бир жаралат. Жашоонун мыйзамы ушул экен–Жусуп агабыз кайтпас сапарга аттанды. Кош болуңуз, Жусуп ага. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун! Улуу манасчынын жаркын элеси Айкөл Манастын урпактарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 2-июнь