Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркияга жумушчу сапар менен келди

Бүгүн, 2014-жылдын 2-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын жогорку жетекчилигинин чакыруусу боюнча Анкарага жумушчу сапар менен келди.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Түркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүл менен жолугушат, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку кеңештин отурумуна катышат. Жогорку кеңештин отурумуна Түркия тараптан төрагалык милдетти Премьер-министр Реджеп Тайип Эрдоган аткарат.

Эки өлкөнүн ортосундагы Жогорку кеңеш түрдүү тармактарда, анын ичинде экономикада, айыл чарбасында жана маданиятта  ишке ашырылып жаткан эки тараптуу мамилелердин стратегиясын аныктайт.

Ошондой эле Президент Алмазбек Атамбаев Бодрум шаарында өткөрүлчү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин IV Саммитине катышат. Саммитке Түркия Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Азербайжан Республикасынын Президенттери дагы катышышат. Мамлекет башчылары өлкөлөр ортосунда түрдүү тармактарда, анын ичинде туризм чөйрөсүндө кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулайт.

ТМКК Саммитинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү Декларацияга кол коюу болжолдонууда.

2014-жыл 2-июнь