Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамайды акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын делегациясы катышып жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамайды акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районун Кызылсу-Кыргыз автономиялык округуна Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев жетектеген Кыргызстандын делегациясы жөнөтүлдү.

Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Иманалиев, коомчулуктун өкүлдөрү киришти.

2014-жыл 2-июнь