Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 2-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетин аткаруунун жүрүшү, келерки 2015-жылга негизги финансылык документтин алдын ала көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев бюджетти өз мөөнөтүндө аткаруу, өлкөнүн жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча бардык милдеттенмелерди аткаруу зарылчылыгын белгиледи.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы 2013-2017-жылдары өлкөнү туруктуу  өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын программасында камтылган долбоорлорду жана программаларды өз учурунда каржылоонун маанисин баса белгиледи.

2014-жыл 2-июнь