Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин атынан беш балдар үйүнө жана эки мектеп-интернатка жалпы эсеби 1 млн. 270 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 2014-жылдын 31-майында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев беш балдар үйүнүн жана кароосуз калган жетимдер жана балдардын эки мектеп-интернатынын директорлору менен жолугушту.

Аппараттын Жетекчиси өлкө Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан балдар мекемелеринин жетекчилерин Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, алардын талбаган эмгеги жана ишине берилгендиги үчүн терең ыраазычылык билдирди. “1-июнда биз Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилейбиз. Бул күн бардыгыбызга балдардын алдындагы жоопкерчилигибиз тууралуу дагы бир ирет эскертип турат. Биз, чоңдор жана жалпысынан мамлекет кичинекей кыргызстандыктардын жашоосу ар кандай жамандыктардан алыс болушуна бардык аракеттерди жумшап, балдарыбыз бейпил жана туруктуу мамлекетте жашоосун камсыз кылууга милдеттүүбүз”, - деди Данияр Нарымбаев.

Балдар мекемелеринин директорлору менен болгон жолугушууда балдардын турмушка ыңгайлашуусу жана аларды кесипке багыттоо боюнча маселелер талкууланды. Анткени жетим балдар мектеп-интернатынан же балдар үйү менен кош айтышканда коомго ийгиликтүү аралашып  кеткидей мүмүкүнчүлүккө ээ болушу керек.

Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен жетим балдар үчүн заманбап жабдыктар менен камсыз болгон атайын мектеп түзүү чечими кабыл алынды. Бул мектептен жетим балдар татыктуу орто билимге гана ээ болбостон, атайын кесип дагы  алышат.

Жолугушууда Мамлекет башчысы турмуштук кыйын абалда калган балдарга өзгөчө көңүл бургандыгы  белгиленди. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу билим берүү фондунан балдардын ар кандай категорияларына 2012-жылы 14 млн. сом, ал эми 2013-жылы 19 млн. сом бөлүнгөн.

Жолугушуунун аягында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу билим берүү фондунан балдар мекемелеринин директорлоруна жалпы эсеби 1 270 000 сомдук сертификаттар Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ж.Ниязов атындагы мектеп-интернатына, Чүй облусунун Панфилов районунун К.Тилебалиев атындагы мектеп-интернатына, Баткен облусундагы Үч-Коргон  балдар үйүнө, Жалал-Абад облусунун Октябрь балдар үйүнө, Ысык-Көл облусунун Ак-Суудагы балдар үйүнө жана ошондой эле Чүй облусунун Военно-Антоновка жана Беловодск балдар үйлөрүнө тапшырылды.

Балдар мекемелеринин жетекчилери өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге көңүл бургандыгы жана балдарга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Сыдыков дагы катышышты.

2014-жыл 31-май