Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу мекендештер!

Ар бирибиз балдарыбыз деп жашайбыз. Жүрөктөгү сүйүүбүздү, ата-энелик мээримибизди балдарга арнайбыз. Балдарыбыз сыймыктанган Кыргызстанды курууга болгон күч-аракетибизди  жумшап жатабыз.

Ар бир муундун өз бешенесине жазылган балалыгы болот. Алсак, совет доорунда чоңойгондордун жүрөгүндө бактылуу балалык үчүната-энелерге, улуу муунга терең ыраазычылык орун алган.

Бүгүнкү күндө балдар жардамыбызга өзгөчө муктаж.  Улуулардын камкордугу, мээрими баланын жүрөгүндө сакталып, жетилгенде жакшылык менен кайтарылат. Жараткан бардык ата-энелерге балдарынын жана Мекенинин келечеги үчүн жоопкерчиликти кошо жүктөгөн. Ошондуктан балдарыбыздын жана неберелерибиздин бактылуу балалыгы бизге байланыштуу.

Бардык милдетти мамлекетке жүктөп, четтеп турганыбыз болбойт.  Ар бир адам өз балдарына жооптуу. Турмушубуздагы кайталангыс көз ирмемдер, жада калса “Акыркы коңгуроо”  адамдардын трагедиясына айланып жатканына ким күнөөлүү? Бир күндүн ичинде бир нече өспүрүм  балдарыбыз автомобилдик кырсыкта  оор жаракат алышты. Зордукка жана зомбулукка туш болуп жаткандар дагы аз эмес. Тилекке каршы көбүнчө алар  көздөй адамдарынан, ал тургай өз ата-энесинен запкы чегишет. Коргоосуз баланы кыйнаганды адам деп атоого дит барбайт. Өз балдарын атайылап азапка салгандарды ата деп да, эне деп да  атагың келбейт.

Урматтуу мекендештер!

Биз ар бир үй-бүлө өз баласын толук камсыз кылып, келечекке ишенимдүү кадам шилтеши  үчүн бардык күч-аракетти жумшоого тийишпиз. Биргелешип  татыктуу жаш муунду тарбиялайлы. Ата-энени урматтоого, өз өлкөсүндө жашап, эмгектенүүгө багыттайлы. Кыргызстанды өнүктүрүүгө жана көздүн карегиндей сактоого үйрөтөлү.

Балдарды коргоо күнүндө өз өмүрүн кичинекей мекендештерибизге арнагандарга терең ыраазычылык билдирем. Өлкөбүздүн келечек мууну үчүн жашап, эмгектенгендерге таазим этем!

Кыргызстандын  бардык балдарына чың ден соолук, бакыт-таалай жана ачык асман каалайм! Бактылуу болгула! Келечегиңер кең болсун! Кыйынчылыктардан жана тоскоолдуктардан тайсалдабагыла! Максаттарыңарды ишке ашырыш үчүн күрөшүп, ар дайым  жакшылыкка, жаратмандыкка умтулгула!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                       Алмазбек Атамбаев”

 

2014-жыл 31-май