Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартууга алып келчү мыйзамды кабыл алуу жол-жоболорунун бузулушуна байланыштуу “Мөңгүлөр жөнүндө” Мыйзамга кол койбой, макулдашуу комиссиясына жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартууга алып келчү мыйзамды кабыл алуу жол-жоболорунун бузулушуна байланыштуу “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамга кол койбой, кайрадан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөттү.

Буга  Өкмөттүн жана бир катар өкмөттүк жана бейөкмөттүк мекемелердин жана уюмдардын бүтүмү негиз болду. Ал бүтүмдөрдө сунушталган редакциядагы Мыйзамга кол коюуга тоскоол болгон олуттуу жүйөлөр келтирилген.

Мыйзамды кайтарып берүүнүн негизги себеби - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын  бузгандыгы.  Тактап айтканда мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдарды көбөйтүү же анын киреше бөлүгүн кыскартуу каралган мыйзамдардын долбоорлоруна расмий корутунду бериши үчүн Өкмөткө алдын ала кайрылуу жөнөтүлгөн эмес. Мыйзамдын күчүнө кириши менен бюджетке келип түшчү каражаттардын кемиген бөлүгүн каржылоонун булагы тууралуу Өкмөттүн расмий корутундусу талап кылынышы керек эле.

Бул Мыйзам  бюджеттин каражаттары кемишине алып келээри шексиз, себеби  сунушталган Мыйзамда мөңгүлөрдө, кар күрткүлөрүндө жана көп жылдык тоң таралган зонада пайдалуу кен чыккан жерлерди ачык ыкма менен иштетүүгө тыюу салынат (6-берене). Демек, Мыйзамга ылайык азыр иштеп жаткан кен казуучу ишканалар жер алдында иштөөгө өтүүгө тийиш. Аны үчүн  казып чыгаруу ыкмасын кайрадан өзгөртүү максатында жумуштарын токтотууга милдеттүү. Мындай жагдай кен иштетүүчү ишканалардын кирешесин азайтып, чыгашаларын  көбөйтөт, демек, алар салыкты төлөбөй турууга мажбур болот. Ошентип мамлекет милдеттүү төлөмдөрдөн жана салыктардан пландаштырылган киреше албай калат.

Каршы пикирде бул тыюу салууну киргизүү терс финансылык-экономикалык кесепеттерди жана мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин алынбай калуусун жаратат деп белгиленет. Ошондуктан  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Өкмөттөн расмий корутунду берүү талап кылынып, Мыйзамда мамлекет үчүн дагы, бизнес үчүн дагы ыңгайлуу өткөөл шарттарды белгилөө  зарыл эле.

Мындан тышкары каяша пикирде сунушталган Мыйзам жогорудагы тыюу салууну  киргизүү менен “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнү чектөө менен байланышкан маселелер Өкмөттүн компетенциясына кирет деген талабына карама каршы келээри белгиленет.“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өзгөртпөй туруп “Мөңгүлөр жөнүндө” Мыйзамды кабыл алуу менен мыйзам чыгаруучулар Өкмөттүн  ыйгарым укуктарына негизсиз кийлигишип кеткен.

Президент  кыргызстандыктардын өлкөнүн аймагындагы  мөңгүлөрдү коргоо боюнча аракеттерин колдоого алат, бирок  ал жакшы ишти  Конституциянын   жана мыйзамдардын талаптарын, мыйзамдардын адилеттик жана бири бирине карама каршы келбес принцибин эске алуу менен ишке ашыруу керек деп эсептейт. Ушул максатта Президент “Мөңгүлөр жөнүндө” Мыйзамды макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарып берди.

 

2014-жыл 30-май