2014-жылдын 29-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Астана шаарына иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.
Мамлекет башчылары эки тараптуу өз ара кызматташуу маселелерин, ошондой эле Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында жетишилген макулдашууларды эске алуу менен экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулашты.