Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Дале Грибаускайтени Литванын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады

Бүгүн, 2014-жылдын 29-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Дале Грибаускайтени Литва Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады.

“Сиздин Литва Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышыңызга байланыштуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасы менен Литва Республикасынын ортосунда кызматташуу жылдарында конструктивдүү диалог жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген достук мамилелер пайда болгондугун белгиледи.

Куттуктоодо ошондой эле Кыргызстан менен Литванын ортосундагы тыгыз эки тараптуу кызматташуу мындан ары да эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгына багытталып, кыйшаюусуз өнүгө берет белгиленет.

Алмазбек Атамбаев Дале Грибаускайтеге чың ден соолук жана литвалык элдин бакубат  жашоосуна жана өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

2014-жыл 29-май