Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышат

Бүгүн, 2014-жылдын 29-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча Астана шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.

Жыйындын алкагында Кыргызстандын евразиялык мейкиндикте интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери талкууланат.

2014-жыл 29-май