Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдык маракесине карата кайрылуусу

Бүгүн, 2014-жылдын 28-майында, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президентинин  Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдык маракесине арналган иш-чарага катышып, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун окуп берди.

Кайрылуунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Дооронбек агабыз арабыздан кеткенине алты жыл болду. Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл артисти, белгилүү кинорежиссер, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка толмок экен.

Дооронбек Садырбаев эсибизде таланттуу кинорежиссер, жазуучу, артист, акын катары гана эмес, кыргыз элинин чыныгы атуулу, мекенчил инсан катары сакталып калды.

Дооронбек агабыз кыргыз улуттук маданиятынын жана киносунун өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон – 86дан ашуун тасма жараткан. Көптөгөн китептердин, публицистикалык макалалардын автору.

Агабыз турмуштун бардык оорчулугун көтөрүп, өз мээнети, ак эмгеги менен бийик даражага жетишкен. Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты катары чындыкты бетке айтып, терс көрүнүштөргө каршы туруп, өлкөнүн тагдыры, элдин келечеги үчүн күрөшүп келген.

Дооронбек агабыздын өмүр жолу, жасаган эмгеги - Мекенге кызмат кылуунун үлгүсү. Агабыздын артында жакшы аты, жасаган эмгеги  калды. Кыргыз эли мындай уулдарын эч качан унутпайт.

Учурда Кыргызстан ушундай адамдарга – Мекен үчүн иштеген, таза, чынчыл, ак ниет инсандарга муктаж. Дооронбек агабыздын өмүр жолу ар бирибизди мекенчилдикке, жаратмандыкка, тазалыкка үндөп турат. Жаш муундарга элине, Мекенине ак кызмат кылуунун үлгүсү болуп кала берет!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                        Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 28-май