Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Мекен чегинде кызмат өтөгөн чек арачыларга ыраазычылык билдирем. Алардын арасында элим, жерим үчүн “жаным курман” деген азаматтарыбыз аз эмес”

Бүгүн, 2014-жылдын 28-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшыруу салтанатына катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөбүздүн чек арачыларын кесиптик майрамы – Чек арачылар күнү менен куттуктап, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодогу жана кайтаруудагы эмгегин баса белгиледи.

Салтанаттын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып Президент Алмазбек Атамбаев салтанатка кокусунан келбегендигин чечмеледи.“Үйдүн курулушу жөнүндө токтомго мен 2007-жылы Премьер-министр болуп турганда кол койгом. Курулушка акча бар эле, бирок мен кызматыман кетээрим менен каражаттарды башка максаттарга жумшап жиберишиптир. Натыйжада үй токтомго кол коюлгандан 7 жыл өткөн соң бүткөрүлдү”, - деди Мамлекет башчысы, чек арачылар жана алардын үй-бүлөлөрү көпкө күткөнүнө өкүнүп.

“Мамлекет тарабынан чек арачыларга биринчи жолу Бишкекте турак жай  курулуп, пайдаланууга берилип жатат. Кызматыңар абдан түйшүктүү. Эгемендүүлүк жылдарында бир топ кыйынчылыктарды баштан кечирдиңиздер. Катаал шарттарда: алыскы чек араларда жайды жайдай, кышты кыштай, күн-түн дебей кызмат өтөдүңөр. Мекен чегинде кызмат өтөгөн чек арачыларга ыраазычылык билдирем. Алардын арасында элим, жерим үчүн “жаным курман” деген азаматтарыбыз аз эмес. Аскердик милдетин өтөп жатып курман болгон баатырлардын бири - Канат Дүйшөналиев. Канаттай болгон баатырды өстүрүп, тарбиялаган ата-энеге терең таазим кылам. Мен чек арачылар менен сыймыктанам!”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент учурда Чек ара кызматын материалдык-техникалык жактан жабдууну жакшыртуу, чек арачылардын эмгек маянасын жогорулатуу, социалдык жактан коргоо боюнча көп жылдардан бери аткарылбай келген иштер башталгандыгына токтолду. “Буйруса бул иш улантылат. Дагы көп иштерди аткарабыз. Учурда Чек ара кызматы калыптанып келе жатат. Биз чек ара кызматынын гана эмес, бардык күч түзүмдөрүнүн кадыр-баркын көтөрүүгө тийишпиз. Аны үчүн өлкөбүздүн Өкмөтү бардык күч-аракетин жумшоого милдеттүү”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын аскерлеринин жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн турак жай куруу боюнча алдыдагы максаттар тууралуу кыскача айтып өттү.

Президент чек аралардагы акыркы окуялар тынчтык жана туруктуулук, ынтымак жана биримдик элибиз үчүн кандай мааниге ээ экендигин ачык көрсөткөндүгүн белгиледи.”Кыргызстан коңшулары менен ынтымакта жашашы керек. Биздин чек араларыбыз достуктун, шериктештиктин жана кызматташуунун чек араларына айланууга тийиш”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы чек арачыларды кесиптик майрамы, жаңы конуш ээлерин  жаңы конушу менен куттуктап, алардын үй-бүлөлөрүнө тынчтык жана ынтымак, иштерине ийгилик каалады. “Бардыгыбызды кубаттуу жана өнүккөн мамлекетти куруу максаты бириктирип турат. Кийинки муун тынчтыкта жана ынтымакта жашашы үчүн бардык аракетти жумшашыбыз керек. Биригип алдыга койгон максаттарыбызга сөзсүз жетебиз!”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери үчүн ири панелдүү 72 батирлүү турак жайдын курулушу 2008-жылдын июнь айында башталган.

Сметалык наркы - 102852,0 миң.сом.

Жалпы турак аянты 3267 чарчы.м, анын ичинде:

-         9 – 3бөлмөлүү батир, турак аянты 70,55 чарчы.м;

-         18 – 2бөлмөлүү батир, турак аянты 52,5 чарчы.м;

-         45 – 1бөлмөлүү батир, турак аянты 34,76 чарчы.м.

2014-жыл 28-май