Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 26-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды.

Мамлекет башчысына министр өлкөнү кышкы жылуулук берүү сезонуна  даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, калкты газ менен камсыз кылуу маселелери тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, Осмонбек Артыкбаев энергетика объектилериндеги ремонт иштери, электр энергиясынын коромжусун кыскартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Жолугушууда ошону менен катар өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанисин баса белгилеп, энергетикалык долбоорлордун өз мөөнөтүндө ишке ашырылышын контролдукка алуу боюнча министрге тапшырма берди.

Өкмөттүн тарифтик саясатын өзгөртүү боюнча демилгесине келгенде Президент Алмазбек Атамбаев мындай чаралар терең иликтөөнү талап кылаарын жана эгерде ал чаралар калыс болсо, калкты социалдык жактан коргоо толук ишке ашса, азыркы коррупциялык схемаларды түп тамыры менен жоюп, жаңыларынын түзүлүшүнө жол бербеген учурда гана эл тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигин баса белгиледи.

2014-жыл 26-май