Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 23-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги Асанбек Алымкожоевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоонун жүрүшү тууралуу маалыматты укту.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин коргоо жөндөмдүүлүгүн чыңдоодо Куралдуу Күчтөрдү модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанисин белгиледи.

2014-жыл 23-май