Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Үрүмчү шаарындагы терактка байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2014-жылдын 22-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Үрүмчү шаарындагы теракттын кесепетинен көп курмандыктарга байланыштуу көңүл айтты.

 “Үрүмчү шаарындагы террористтик акттын кесепетинен көп курмандыктар болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуусунда.

Президент Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишин каалаган сөздөрүн жеткирип коюуну өтүндү.

2014-жыл 22-май