Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КЭР БК Саясый бюросунун мүчөсү Мэн Цзяньчжу менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясый бюросунун мүчөсү-КЭР КП БКнын саясый-юридикалык комиссиясынын катчысы (КЭР күч органдарынын жетекчиси) Мэн Цзяньчжу менен жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо органдарынын ортосунда кызматташуу маселелери талкууланды.

Министр Мэн Цзяньчжу Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи. “Биз Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда коопсуздук тармагында  жетишилген бардык макулдашууларды аткарууга жана эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигибизди билдирип кетейин”,- деди Мэн Цзяньчжу.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргызстан менен Кытай коопсуздук тармагында кызматташуусун улантат жана терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы биргелешкен күрөштү уланта берет деп белгиледи.

Андан соң Мамлекет башчысы Шанхай Кызматташуу Уюмунун эл аралык-укуктук кызматташуу боюнча квалификацияны жогорулатуучу базасынын курулушу башталган  жерге таш  орнотуу салтанатына катышты.

Мэн Цзяньчжу ШКУнун азыркы базасы уюмдун катышуучу-мамлекеттеринин укук коргоо органдарынын ортосунда кызматташуу үчүн жакшы шарттарды түзөөрүн белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев түш оодарып Кытайга жасаган мамлекеттик сапарында коштоп жүргөн кыргызстандык журналисттердин суроолоруна жооп берди, ошондой эле Кытайдын борбордук телекөрсөтүүсүнө (ССТV) интервью берип, кыргыз-кытай мамилелеринин азыркы абалы жана келечеги туурасында айтып берди.

Эртең, 2014-жылдын 21-майында Мамлекет башчысы Азияда өз ара аракеттенишүү жана ишеним чаралары кеңешмесинин (АӨИЧК) Саммитине катышат.

2014-жыл 20-май