Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

Бүгүн, 2014-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен Шанхай шаарында  жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары кыргыз-кытай кызматташуусунун, анын ичинде ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу актуалдуу маселелерди  талкуулап, күн тартибиндеги регионалдык жана эл аралык актуалдуу аспектилер боюнча пикир алышты.

Төрага Си Цзиньпин Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, сапардын жогорку деңгээлин белгиледи. “Мен Кыргызстанга  сапар менен баргандагы  жылуу жана меймандостук мамиле жүрөгүмдү жылытты. Чындыгында эле мындай чын пейилден жакшы кабыл алуунар мага терең таасир берди. Бул кыргыздын “Достук менен жакшы мамиле – кыргыздардын алтыны” деген ылакабынын чындыгын ырастап турат. Сиз менен ачык жана мазмундуу ангемелешүбүз күнү бүгүнкүгө чейин эсимде. Азыр дагы аны унута элекмин. Дос кыргыз элине, өзүңүздүн жакындарыңызга жана туугандарыңызга менин атымдан ысык салам айтып коюңуз деп өтүнөм. Өткөн жылы биз Сиз менен стратегиялык өнөктөштүк мамилелери тууралуу билдиргенден кийин кыргыз-кытай  көп  тармактуу кызматташуусунун өнүгүшүнүн жогорку динамикасы байкалууда”, - деди Си Цзиньпин.

Төрага Си Цзиньпин регионалдык күн тартибине коркунучтарга көңүл буруп, ал “кыргыз-кытай мамилелерине жаны жогорку талаптарды коюп жаткандыгын” белгиледи. “Ишенимдүү, ниеттеш, санаалаш кошуна, жакшы достордон жана ишенимдүү өнөктөш болгон соң,  эки тарап тең  эки тараптуу мамилелердин стратегиялык бийиктигин сактап гана тим болбостон, кытай-кыргыз стратегиялык өнөктөштүктү татыктуу мазмун менен камсыз кылуу максатында достук, өз ара ишенимдин маанайында абдан жакшы иштешүүгө тийиш”, - деди  Кытайдын Төрагасы.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Төрага Си Цзиньпинге мамлекеттик сапар менен Кытайга келип кетүү жана  Шанхай шаарында Азияда  өз ара аракеттенишүү жана ишеним чаралары кеңешмесинин (АКИЧК) Саммитине катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Кытай Кыргызстандын жакын жана ишенимдүү кошунасы. Биздин өз ара мамилелерибиздин тамыры терең. Бизди жалпы тоолор, суулар гана бириктирбейт, улуттук  түпкү кызыкчылыктарыбыздын үндөштүгү дагы баш коштуруп турат. Дипломатиялык мамилелер орнотулган 22 жылдын аралыгында өз ара пайдалуу кызматташуубуз  ийгиликтүү өнүгүп жатат, чек ара маселелери чечилген, толук саясый өз ара ишеним орнотулган, олуттуу укуктук база түзүлгөн, кызматташуунун бардык багыттары боюнча өз ара аракеттенүү жакшы жолго коюлган”, - дедиАлмазбек Атамбаев.

Тактап айтканда Мамлекет башчылары “Датка-Кемин” ЛЭП, түндүк-түштүк альтернативдик автомобиль жолунун, Кыргызстандын түштүгү аркылуу транзиттик газ түтүгүнүн, Бишкек ТЭЦинин курулуштары сыяктуу биргелешкен стратегиялык инфраструктуралык долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгын белгилешти. “Бул долбоорлор Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев менен Си Цзиньпин региондогу коопсуздук маселелерине өзгөчө маани беришти, эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосунда кызматташууну чындоонун маанисин баса белгилешти.

Си Цзиньпин  кытайлык тараптын Кыргызстандын  айыл чарбасын өнүктүрүүгө, агроазыктарды Кытайга импорттоого кызыктарлыгын билдирди.

Тараптар  мамлекеттик сапардын жана ушул жолугушуунун Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда стратегиялык кызматташууну өнүктүрүү жана тереңдетүүдөгү натыйжалуулугун белгилешти.

Алмазбек Атамбаев менен Си Цзиньпин стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди орноткондон  кийин  эки тараптуу мамилелердеги кыйла ийгиликтерди белгилешти. Саясый  өз ара ишеним, стратегиялык өз ара аракеттенишүү, практикалык кызматташуу жана гуманитардык байланыштар эн жогорку тарыхый деңгээлде экендигин бир пикирде белгилешти.

Мамлекет башчылары кыргыз-кытай  мамилелеринин стратегиялык өнөктөштүгү эки өлкөнүн жана алардын элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп бергендигин, региондогу тынчтыкка, туруктуулукка жана өнүгүүгө шарт түзөөрүн баса белгилешти.

Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин эки тараптуу кыргыз-кытай макулдашууларына кол коюу салтанаты өткөрүлдү.

Президент Алмазбек Атамбаев менен  Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин  Кыргыз Республикасы менен  Кытай Эл Республикасынын стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин  мындан ары тереңдетүү жөнүндө Биргелешкен декларациясына кол коюшту.

Мындан тышкары  Мамлекет башчыларынын катышуусунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:

  • Жоопкерчилике тартылган адамдарды өткөрүп берүү тууралуу  Келишимдин ратификациялык грамоталары менен алмашуу  жөнүндө;
  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2014-2015-жылдары кызматташуунун программасы.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу баңгизаттарды контролдоо боюнча  Мамлекеттик  кызмат менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосундагы чек араларда кызматташууну уюштуруу маселелери боюнча өз ара аракеттенишүү жөнүндө Макулдашуу.
  • Кыргыз Республикасынын Экономика  министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосунда Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн кайтарымсыз жардам көрсөтүүсүнүн эсебинен Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууга байланыштуу Меморандум.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик салык администрациясынын ортосунда  кызматташуу жөнүндө Меморандум.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык  жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясы менен Кытай Эл Республикасынын  Сапатты көзөмөлдөө боюнча инспекциянын жана карантиндин башкы башкармалыгынын ортосунда инспекция жана карантин чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Меморандум.
2014-жыл 18-май