Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапар менен барат

2014-жылдын 17-21-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча  Кытайга мамлекеттик сапар менен барат.

Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 18-майында КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Мамлекет башчылары кыргыз-кытай кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана өлкөлөрдүн стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча мындан аркы пландарын талкуулашат. Тараптар  күн тартибиндеги эл аралык жана регионалдык коопсуздук боюнча олуттуу маселелер  тууралуу пикир алышат.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар макулдашууларга кол коюу болжолдонууда.

2014-жылдын 21-майында Мамлекет башчысы КЭР Шанхай шаарында Азияда  өз ара кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин (АКИЧК) 4-Саммитинин ишине катышат.

2014-жыл 16-май