Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЭВФ миссия башчысы Кристиан Беддисти кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 15-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун миссия башчысы  Кристиан Беддисти кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстан менен Эл аралык валюта фондунун  кызматташуусунун актуалдуу маселелери, өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында өз ара кызматташуунун мындан аркы перспективалары талкууланды.

Мамлекет башчысы  ЭВФ Кыргызстанда  жүргүзгөн ишмердиги  үчүн ыраазычылык билдирип, программанын мамлекеттик бюджетке колдоо көрсөтүүгө каражаттарды пайдалануу боюнча да, өлкөнүн  экономикалык жана түзүмдүк көрсөткүчтөрүн ишке ашыруу боюнча өз мойнуна алган милдеттенмесин  аткаруу боюнча да  бөлүктөрүнүн ийгиликтүү аяктагандыгын белгилеп өттү.

“ЭВФ программасы Кыргызстан кыйын кезди баштан кечирип жаткан мезгилде кабыл алынган. Бул  жардам абдан керектүү жана пайдалуу болду”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргызстанда  ЭВФ башчысы катары өз  ишмердигин жыйынтыктап жаткан Кристиан Беддиске жыйынтыктуу иши үчүн  ыраазычылык айтып, Кыргызстандын  ЭВФ менен кызматташуусун өнүктүрүүдөгү жеке салымын баса белгилеп өттү.

Жолугушууга  Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Юрий Соболев дагы катышышты.

Маалымдама: Кристиан Беддис ЭВФ Кыргыз Республикасын боюнча миссиянын башчысынын милдетин 2011-жылдан бери аткарып келди.

2014-жыл 15-май