Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Президенти Абдуллах Гүлгө жана Премьер-министри Режеп Тайип Эрдоганга Түркияда Сома шахтасында аварияга байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2014-жылдын 14-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүлгө жана Түркия Республикасынын Премьер-министри Режеп Тайип Эрдоганга Түркияда Сома шахтасында аварияга байланыштуу көңүл айтты.

“Кыргызстандын эли күтүлбөгөн кырсыкка байланыштуу Түркиянын боордош элинин кайгысын тең бөлүшүп, каза тапкандардын туугандарына жана  жакындарына көңүл айтат”, - деп белгиленет көңүл айтууда.

Алмазбек Атамбаев терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайраттуу болууга чакырган сөздөрүн каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына жеткирип коюуну өтүндү.

2014-жыл 14-май