Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 13-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларды жана канатташ чек аралардын коопсуздугун чыңдоо, мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маселелер  талкууланды.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматына  чек ара участокторунда келип чыккан маселелер боюнча  ыкчам  аракет жасап, ал эми терең талдоого алынып, калыс мамиле жасоону талап кылган проблемаларды конструктивдүү чечүүгө алган багытты ырааттуу улантуу милдетин тапшырды.

2014-жыл 13-май