Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Джонатан Вейтчге «Даңк» медалын тапшырды

Бүгүн, 2014-жылдын 12-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев балдарга билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) өкүлү Джонатан Вейтчге «Даңк» медалын менен тапшырды.

Мамлекет башчысы балдардын абалын жакшыртууга, саламаттык сактоо, билим берүү тармактарында программаларды ишке ашырууга багытталган жыйынтыктуу ишмердиги үчүн Джонатан Вейтчге, ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгүнө, БУУ бардык системасына ыраазычылык билдирди. “Сиз өлкөбүз оор учурду баштан кечирип жаткан маалда - 2010-жылдын июнь айында келип, дароо талуу маселелерди чечүүгө шымалана киришкениңиз үчүн  ыраазычылык билдиребиз. Сиз  абдан чоң иштерди  аткарып, көптөгөн маселелерди чечтиңиз. Ушул мезгилдин аралыгында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү  тарабынан балдарды жана энелерди колдоо программаларын каржылоосу төрт эсе өскөндүгүн өзгөчө белгилей кетмекчимин. Анын реалдуу жыйынтыктарды көрүп турабыз. Тактап айтканда, биргелешип иштешүүнүн аркасында балдардын өлүмү кыскарды. Мында ЮНИСЕФтин салымы да бар. Балдарга билим берүү багытында дагы көп иштер аткарылды. Кыргызстанда  көп адамдар сиздерге абдан ыраазы”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев ЮНИСЕФтин Кыргызстандын Өкмөтү менен биргелешип өлкөнүн түштүгүндөгү төрөт үйлөрүнүн инфраструктурасын, мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча аткарылган иштеринин маанисин баса белгиледи.

Өз кезегинде Джонатан Вейтч Президент Алмазбек Атамбаевге “Даңк” медалын тапшыргандыгы үчүн ыраазычылык айтып, бул сыйлык анын жеке эмгегинин гана эмес, ЮНИСЕФтин, БУУ системасынын, ошондой эле Кыргызстан Өкмөтүнүн ишмердигине берилген баа экендигин белгиледи. “Мен Кыргызстанга 2010-жылдын 8-июнунда келдим, июнь окуялары башталаары менен  өлкөнүн түштүгүнө сапар тарттым. Өлкөнүн министрликтери, ведомстволору менен тыгыз иштешип, биргелешкен аракеттер менен  көп нерсеге жетиштик”,- деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү.

Джонатан Вейтч Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөдө стабилдүүлүктү сактоо, демократиялык баалуулуктарга негизденген башкаруунун жаңы формасын калыптандыруу боюнча жасаган иштерин белгилеп өттү.

Президент Алмазбек Атамбаев Джонатан Вейтчге мындан аркы иштерине ийгилик каалап, кыргызстандыктар  ар качан аны Кыргызстанда көрүүгө куштар экендигин белгиледи.

2014-жыл 12-май