Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

“Банк системасынын урматтуу кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Эгемендүү Кыргызстандын банк системасы өлкө менен  бирге калыптанып келе жатат. Өнүккөн финансылык-кредиттик система – экономиканын өсүшүнүн негизи. Жаңы ишканаларды, жумушчу орундарды ачууга, эл аралык рынокто атаандашууга жөндөмдүү сапаттуу продукция чыгарууга шарт түзөт. Банк системасынын туруктуулугу  улуттук валютанын стабилдүүлүгүн камсыз кылып, акча-кредиттик туура саясат  жүргүзүүгө көмөктөшөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жакшы иштеп жаткан финансылык мекемелер аз эмес. Акыркы жылдары  алардын капиталы  жана депозиттик базасы өсүп жаткандыгы байкалууда. Жетишилген ийгиликтер – сиздердин ишиңиздердин, банк кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнүн жыйынтыгы.

Бир топ иштер  жасалды, бирок аткарыла турган иштер али да көп.

Кыргызстанды  туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында калкка жана өлкөнүн ишкерлерине  финансылык ресурстардын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу  боюнча банк системасына так милдеттер коюлган. Биз мүмкүн болчу экономикалык түрдүү жагдайларга даяр туруп, Кыргызстандын улуттук  кызыкчылыктарын коргоого жөндөмдүү болууга милдеттүүбүз.

Кесиптик майрамыңыздарда өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн  ыраазычылык билдирем. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                                 АлмазбекАтамбаев

2014-жыл 10-май