Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын, Армениянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын Президенттери Президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Жеңиш күнү менен куттукташты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин дарегине Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 69 жылдыгына карата Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинден, Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсяндан, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондон жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримовдон куттуктоолор келип түштү.

“Биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди жана эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдаганыбыз Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскергенибиз болот деп ишенем,” - деп айтылат Россиянын Президенти Владимир Путиндин куттуктоосунда.

Өз куттуктоосунда Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов мындай деп белгиледи: “Ушул ыйык күнү биз өз өмүрлөрүн аябай согуш талааларында чексиз каармандыгы менен тынчтыкты жана эркиндикти алып келип, ошол катаал жылдары оорукта эмгектенип биздин жалпы Жеңишибизди камсыз кылгандардын жаркын элестерин терең урматтоо жана чоң ыраазычылык менен эскеребиз ”.

“Биздин элдерибиз согуштун катаал сыноосун биримдик, ынтымак менен жеңишкен. Биздин ата-бабаларыбыз ырайымсыздыкка, катаалдыкка, кулдукка каршы тайманбастан туруктуулук менен күрөш жүргүзүп адамзаттын жаркын келечеги үчүн өз өмүрлөрүн аяган эмес. Тынчтыкты жана бейпилдикти камсыз кылгандары үчүн биз алардын жаркын элестерин дайыма ыраазычылык сезими менен эстейбиз,” – деп айтылат Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.

Армениянын Президенти Серж Саргсяндын куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Арменияда да, Кыргызстанда да азыркы жана келечектеги муундарга үлгү болуп калган, нацизмге каршы күрөштө кайталангыс эрдик жана каармандык көрсөткөндөрдүн жаркын элестерин терең урматташат”.

Россиянын, Армениянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын Президенттери Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстандын элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалашты.

2014-жыл 9-май