Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: “Тарыхыбызды унутпайлы. Жеңишибизди унутпайлы!”

Бүгүн, 2014-жылдын 9-майында, Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 69 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгондорду эскерип, борбор шаардын Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүлчамбар койду.

Салтанаттуу иш чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери, эмгек ардагерлери, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев, Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышышты.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн тексти:

“Урматтуу мекендештерим!

Улуу Ата Мекендик согуштун урматтуу ардагерлери, эмгек каармандары!

Бардыгыңыздарды Улуу майрам - Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!  Кыргызстандыктар үчүн – бул ыйык майрам.

Адамзаттын тарыхындагы эң кандуу жана катаал согуш Советтер Союзундагы бир дагы үй-бүлөнү кыйгап өткөн жок. Бирөөнүн атасы, бирөөнүн агасы, баласы, күйөсү, бир тууганы Мекенин, элин коргойм деп согушка барып, кайтпай калган. Бүгүн ар бирибиздин эскере турган адамдарыбыз бар...

Ошол кездеги эки миллионго жетпеген элибиздин 300 миңден ашууну фронтко, согушка кетишти. Алардын ичинен 95 миңи мекен үчүн курман болду.

Биз  аларды  унутсак болбойт!

Уважаемые соотечественники!

Уважаемые ветераны войны и труда!

Мы дорого заплатили за нашу победу. Каждый шестой житель нашей республики воевал на фронтах Великой Отечественной. Более трехсот тысяч солдат и офицеров. Девяносто пять тысяч кыргызстанцев погибли, защищая свою Родину!

Мы должны помнить своих героев. Таких, как Чолпонбай Тулебердиев, который, спасая товарищей, накрыл своим телом амбразуру вражеского дзота. Таких как герои-панфиловцы, которые в самый переломный момент войны в ноябре 1941 года, остановили наступление отборных немецких частей на Москву.

Победа ковалась и в тылу, на трудовом фронте.

“Всё для фронта! Всё для Победы!” – эти слова стали смыслом жизни для миллионов кыргызстанцев: стариков и детей, женщин и подростков. Находясь в тылу, они так же как их отцы, мужья, братья, сражались с врагом. Каждый на своем месте: на заводах и фабриках, на полях и фермах.

В годы Великой Отечественной войны в Кыргызстан было эвакуировано более 140 тысяч человек, в том числе свыше 16 тысяч детей из блокадного Ленинграда. Кыргызстанцы принимали истощенных голодом детей блокадного города как своих родных. История блокадников Ленинграда – это история единства наших народов. У нас была одна земля, одна страна и одна на всех Победа.

Сила любой страны в единстве. Надо помнить это. Нам надо беречь единство внутри нашей страны. Не делить по национальностям, потому что в трудное время мы должны быть как один кулак.

Сегодня мы видим, как пытаются столкнуть друг с другом братские народы бывшего Советского Союза, как под угрозой распада оказались целые страны и народы.

Мы обязаны сохранить независимость страны. Но не должны потерять и нашу общую историю, культуру, языки и взаимное уважение к братским республикам. Наши государственные границы должны стать границей дружбы и сотрудничества. Важно не потерять нашу память, помнить нашу общую победу. Нам нельзя превратиться в поколение манкуртов!

Мы обязаны помнить о том, что после войны нашим отцам и матерям пришлось поднимать страну. Наводить порядок в послевоенной разрухе. Работать и жить в тяжелейших условиях. Своим трудом они одержали еще одну победу – построили могучую страну, оставив нам огромное материальноеи духовное наследие. То, что было сделано их руками, еще послужит многим поколениям кыргызстанцев. Спасибо нашим ветеранам и за эту трудовую Победу.

Дорогие соотечественники!

С каждым годом все меньше ветеранов приходят на праздник Победы. Берут свое годы и старые раны. Теперь они нуждаются в нашей заботе и внимании.Я помню, как в начале года поздравлял с юбилеем полного кавалера ордена Славы Мстислава Иванова. И буквально две недели назад мы похоронили его. С каждым днем все меньше становится наших ветеранов.

Я сам - сын участника Великой Отечественной, фронтовика, и хотел бы обратиться к кыргызстанцам, нашему поколению и к более молодым. Нам надо успеть отдать наш долг ветеранам войны и труда. Мы сможем вернуть свойсыновний долг,окружив заботой и вниманием каждый день жизни оставшихся в живых ветеранов.

Вчера в Москве мы с лидерами стран СНГ участвовали в неформальном саммите ОДКБ и наблюдали за тренировкой по управлению Вооруженными силами Российской Федерации. Мы увидели возможные варианты нападения на Россию и ответного удара. На громадной мировой карте наша хрупкая земля кажется такой беззащитной. Конечно, это были учения, и в небо взлетали учебные ракеты. Поэтому если представить, что начнется третья мировая война, то мир может исчезнуть.

Главная задача для лидеров всех мировых государств сегодня беречь мир на Земле. Сегодня необходимо, чтобы политики всего мира остановились, ведь все войны начинаются из-за чьих-то политических амбиций.

 Люди должны перестать делить друг друга на расы и национальности. Все мы созданы Богом одинаковыми. И если у кого-то другой цвет кожи или разрез и цвет глаз, то слезы матерей всегда одинакового цвета.

Кыргызстанцам нужно научиться беречь мир в нашей стране и не идти на поводу у различных политиканов. Для нас главное сегодня сохранить мир и стабильность. Помните, что ради мира когда-то погибли миллионы людей. И не дай Бог нам сегодня войны.

Мекендештерим менин!

Мына,  тынчтыкта жашап жатабыз. 2010- жылы билесиңер  түштүктө жаман окуялар болуп кетти. Азыр деле ошондой дүрт эттирип, согуш баштайм дегендер бар. Мекендештер, сабырдуулук керек! Эч качан согуш, талаш жакшылыкка алып барбайт. Ырыс алды ынтымак. Ынтымактан артык эч нерсе жок. 

Ошондуктан ар бирибиз ойлонсок, ар бирибиз мекенибизди сактасак. Ошол өтүп кеткен бабаларыбыздын арбактарын сыйласак, азыр арабызда жүргөн аксакалдарды, апаларды, ардагерлерди сыйласак. Биздин кийинки балдарды  ойлосок.

Ушундай татынакай жерде, бейиштин төрүндөй жерде - татынакай калкыбыз бар. Татынакай жашаш керек. Ошондуктан мен кайрылат элем мекендештериме - таза жүрөлү, таза иштейли.

Дорогие наши ветераны!

Вы пример того, как надо любить и беречь свою Родину. Как надо жить и трудиться, верить и бороться за свою мечту! Сегодня мы говорим вам спасибо за великий подвиг! За мужество и стойкость! Спасибо за Победу! Желаю вам долгих лет жизни, счастья, мира и благополучия!

Ардактуу ардагерлер, согуштун, эмгектин каармандары!

Сиздер бар – ырысыбыз бар. Биздин бактыбызга көп жашагыла! Бар болгула, аман болгула! Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, бейпил турмуш каалайм! Жаңыдан бутуна туруп келаткан Кыргызстандын жакшылыгын көргүлө! Жаратканыбыз сиздерге күч-кубат берсин, аман-эсен болгула!

Урматтуу ардагерлер!         

Мен сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм. Кыргыздарда мындай сөз бар: атаң өлсө дагы, атаңды көргөн өлбөсүн. Өз атамды көргөндөй болуп жатам.

Майрамыңыздар менен! С праздником, родные мои!

Живите долго – это приказ Главнокомандующего! Следующий год – юбилейный, и нам его надо встретить вместе. Держитесь!”

2014-жыл 9-май