Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту

2014-жылдын 8-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчылары Кыргызстандын аймагында ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлордун жана макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты, ошондой эле долбоорлордун убагында ишке ашырылышынын маанисин   белгилешти. 

Россиянын Президенти Владимир Путин эки тараптуу мамилелердин түрдүү тармактарда активдүү өнүгүүсүн баса белгилеп, биргелешкен чоң долбоорлордун жана соода-экономикалык байланыштарды активдештирүүнү белгиледи.“Биз интеграциялык процесстерде, ошондой эле Бажы союзунда  кызматташууну тереңдетүү боюнча пландарды талкуулап жатабыз”, - деди  Владимир Путин.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев дагы  эки тараптуу мамилелердин активдешүүсүн белгилеп өттү. “Акыркы жылдары чындыгында биздин жалпы иштерибиз жакшы жүрүп жатат. Ири долбоорлор болжолдонгон, алар өз убагында ишке ашырылат деп ишенем”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге  келе жаткан Жеңиш күнү майрамынын өзгөчө маанисин белгиледи. “Албетте, Советтер Союзу ыдырагандан кийин көптөгөн эгемендүү өлкөлөр пайда болду. Биз баарыбыз эгемендүүлүгүбүздү баалайбыз. Бирок ошону менен бирге  КМШ мейкиндигинде жаңы өлкөлөрдүн ортосунда пайда болгон чек аралар, достуктун чек аралары болуп, элдерди бөлбөй, бириктирсе деген тилектемин. Биздин аталарыбыз бирге согушкан, фашизмди жеңген. Муну эч качан эстен чыгарбайлы”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчылары бири бирин келе жаткан 9-май Жеңиш күнү менен куттукташты.

2014-жыл 9-май