Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Хамид Карзайга Афганистандын түндүк-чыгышында жер көчкүгө байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2014-жылдын 3-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Хамид Карзайга Афганистандын түндүк-чыгышында жер көчкүнүн кесепетинен көптөгөн курмандыктар болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Афганистандын түндүк-чыгышында жер көчкүнүн кесепетинен көптөгөн курмандыктар болгондугу тууралуу маалыматты кайгыруу менен кабыл алдым”, - деп белгиленет көңүл айтууда.

Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк айыгып кетишин каалады.

2014-жыл 3-май