Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Саксония жеринин Парламентинин төрагасы Маттиас Рёсслер жетектеген Германия Федеративдүү Республикасынын делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 3-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Саксония жеринин Парламентинин төрагасы Маттиас Рёсслер жетектеген Германия Федеративдүү Республикасынын делегациясын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстандын Германия менен саясий, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык тармактарда кызматташуу маселелери, ошондой эле эки тараптуу байланыштарды жандандыруу боюнча мындан аркы пландар талкууланды.

Мамлекет башчысы, Кыргызстан Германияны Европа бирлигиндеги стратегиялык өнөктөш катары карагандыгын белгилеп, ар тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдап жана кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев, Кыргызстандын өнүгүшүнө этникалык немистердин кошкон салымын белгилеп өттү.

Ошондой эле, Кыргызстандагы ички саясый кырдаал туурасында айтып жатып, өнүгүүнүн демократиялык багытына байланыштуу өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшүндөгү олуттуу өзгөрүүлөргө басым жасады. Тактап айтканда, Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы саясатындагы негизги приоритеттери, улуттар аралык мамилелер жаатында, тил жана диний чөйрөдө мамлекеттик саясат тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Маттиас Рёсслер, демократиялык өлкө куруудагы Кыргызстан элинин жетишкендиктерин белгилеп, эки тараптуу өз ара мамилелердин бардык тармактарында кызматташууну тереңдетүүгө салым кошууга даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Германиянын ортосунда байланыштар күчөтүлүп жаткандыгы белгиленди.

Жолугушууга Конрад Аденауэр атындагы фонддун башкы катчысынын орун басары, регионалдык жана ыйгарым укуктуу өкүлү Герхад Валерс, Тюрингия федералдык жеринин экс-премьер-министри, Конрад Аденауэр атындагы фонддун башкармалыгынын мүчөсү, «Магна» концернинин вице-президенти Дитер Альтхаус, Конрад Аденауэр атындагы фонддун Борбордук Азия боюнча регионалдык ыйгарым укуктуу өкүлү Томас Кунце, Саксония федералдык жеринин Христиандык-демократиялык союзунун фракциясынын төрагасы Штеффен Флат, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Гудрун Срэга катышышты.

2014-жыл 3-май