Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев түндүк-түштүк альтернативдик автожолдун курулушун баштоо салтанатына катышты

Бүгүн, 2014-жылдын 2-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында түндүк-түштүк альтернативдик автожолдун курулушун баштоо салтанатына катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөнүн  түндүк  менен түштүк региондорун байланыштырган альтернативдик автожолдун курулушунун башталышынын  тарыхый маанисин белгиледи. “Бул жол Кыргызстандын элдеринин биримдигин бекемдейт. Региондордун экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошот. Ушул каттам аркылуу темир жолу дагы салынат деп ишенем”,- деди  Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  акыркы жылдары өлкөбүздө  автожолдордун курулушу жана реабилитациялоо, инфраструктуралык объектилер боюнча көп иштер аткарылып жаткандыгын, мындай кадамдар региондордун экономикалык өнүгүшүнө жакшы түрткү берээрине токтолду.

Президент түндүк-түштүк альтернативдик автожолунда бийик ашуулар дээрлик жок  болгондуктан, азыркы колдонулуп жаткан жолго салыштырмалуу кыйла ыңгайлуу болоорун белгиледи.

Мамлекет башчысы түндүк-түштүк альтернативдик автожолунун курулушуна көрсөткөн колдоосу үчүн Кытай Эл Республикасынын жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Анткени долбоорду ишке ашыруу үчүн өлкөнүн бюджетине оорчулук келбегидей финансылык жеңилдиктер  түзүлгөн.

Салтанатка  Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Джээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Маалымдама: Түндүк-түштүк альтернативдик автожолунун узундугу 433км. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча долбоордун жалпы наркы 850 млн. АКШ долларын түзөт. Долбоорду «Чайна Роуд энд Бридж. Корп.» жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу боюнча кытайлык корпорация ишке ашырууда.

2014-жыл 2-май