Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу мекендештер!

1993-жылдын 5-майында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусунун белгиси –эгемендүү Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган. Өлкөнүн Конституциясы карапайым элдин эркиндикке жана теңдикке, адилеттүүлүккө жана мыйзамдуулукка болгон ишенимин арттырып, келечекке чоң үмүт жараткан. Бардык кыйынчылыктар артта калды деп, элибиз жакшы тилек менен жашай баштаган.

Бирок, көп узабай, Конституциянын негизсиз жана одоно  өзгөртүлүшү, башка себептер менен бирге, Кыргызстанда коррупциянын тамырлашына, үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун орношуна шарт түздү. Жарандардын укугун жана эркиндигин тебелеп-тепсөөгө жол ачты. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары Кыргызстан үчүн оор сыноолордун жана жоготуулардын мезгилине айланды. Далай мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгардык. Бирок карапайым элибиздин сабырдуулугу, өлкөнүн жаркын келечегине ишеними мамлекеттүүлүгүбүздү, Кыргызстаныбызды сактап калды.

Ардактуу мекендештер!

Биз бардыгыбыз Кыргызстан күчтүү жана бакубат болсун деп кыялданабыз. Өлкөбүз менен сыймыктангыбыз келет. Тынчтыкта жашап, балдарыбызды  тарбиялап, туулган жерибизде, өз Мекенибизде жашап, эмгектенгибиз келет.

Биз ошол кыялды ишке ашырууга милдеттүүбүз. Мекенибизди сактап, өнүктүрүүгө тийишпиз. Келечекти ойлоп, чымырканган эмгекке, жаратмандыкка үйрөнөлү! Мыйзамды урматтоого, абийирди таза сактоого көнөлү! Элдин ишенимин актап, жаңы Кыргызстанды куралы!

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм! Жаратканыбыз Кыргызстанга тынчтык жана  бейпилдик берсин!

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                         Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 5-май