Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна иш сапар менен барды

Бүгүн, 2014-жылдын 2-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек  Атамбаев иш сапар менен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна барды.

Иш сапарынын жүрүшүндө Мамлекет башчысы “Кыргызалтын” ААК филиалы болгон “Макмалалтын” комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Президент ишкананын учурда колдонуп жаткан калдыктарды сактоочу жайын кыдырып, 2,6 млн. куб метр көлөмдөгү калдык сактоочу  жаңы жайдын курулушу менен  таанышып чыкты.

Ошондой эле иш сапарынын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев өлкөбүздүн түндүк менен түштүк региондорун  бириктирген альтернативдик автомобиль жолунун курулушунун башталышына арналган салтанатка катышууда.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Джээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү дагы катышууда.

2014-жыл 2-май