Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Эмгек майрамы менен куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Замандын талабына жараша адамдын турмушу өзгөрүп тураары шексиз. Бүгүнкү учкул заман ар бирибизди, коомубузду,  жадагалса адаттарыбызды өзгөртүп жатат. Бирок мезгил өзгөрсө да, дүйнөнү көрктөндүрүп, жакшылыкка, келечекке жол ачкан эмгекке болгон биздин мамилебиз өзгөрбөш керек.

Кыргызстандыктар жаздын ушул жаркын майрамын ар дайым чыдамсыздык менен күтүп алышчу. Аталарыбыз, апаларыбыз 1-Май майрамын ачык маанай, өзгөчө шаң менен тосуп алаар эле. Анткени эмгектин кадырын жакшы билишкен. Талыкпай  эмгектенишкен. Маңдай тери, жаратмандыгы менен түптөгөн мурасы келечекте урпактарга кызмат өтөсүн деп тилек кылышкан.

Кымбаттуу  кыргызстандыктар!

Балдарыбыздын тагдыры, өлкөбүздүн келечеги биздин колубузда! Келечекти ойлойлу. Жаратман муун бололу. Мамлекет мага эмне кылып берди дебей “мен Мекениме кандай кызмат кыла алдым?” деп өзүбүздөн сурай турган мезгил келди. Эмгектене турган мезгил келди. Ар бирибиз өз ордубузда чымырканып иштей турган учур келди.

Ошондо гана биз максатыбызга жетебиз! Биргелешип эркин, адилеттүү, гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз!

Эмгек майрамында эмгек ардагерлерине, өз үй-бүлөсү, айылы, шаары, Кыргызстан үчүн эмгектенип жаткан мекендештериме терең ыраазычылык билдирем! Бардыгыңыздарга узак өмүр, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!   

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                   Алмазбек Атамбаев”

2014-жыл 30-апрель