Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун (ЮНИДО) башкы директору Ли Юнду кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 29-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Уюмунун (ЮНИДО) башкы директору Ли Юнду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстандын ЮНИДО менен кызматташуу, тактап айтканда өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн Уюмдун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу маселелери каралды.

Мамлекет башчысы өлкөнүн интеграциялык процесстерге  катышуусунун алкагында Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүү жана жаңы жумушчу орундарын түзүү маселесинин маанисин баса белгиледи. “Биз чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө умтулуп жатабыз.  Кыргызстандын индустриалдык өнөр жайын, кайра иштетүү тармагын жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө ЮНИДО тарабынан колдоо көрсөтүлсө ыраазычылык билдирет элек”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына жашылча-жемиштерди ташып жеткирүү үчүн логистикалык платформа түзүү боюнча долбоордун маанисин белгилеп, анын ишке ашырылаарына ишенимин билдирди. “Долбоорду ишке ашыруу аркылуу биз  азык-түлүк өндүрүүнү жакшы жолго коюу менен бирге экспортко чыгаруу үчүн өлкөбүздүн аймагында аны кайра иштетүүнү  дагы жөндөп кетебиз деп ойлойм”,- деди Мамлекет башчысы.

Өз кезегинде Ли Юн ЮНИДО Кыргызстандын  өнөр жайын, техникалык кызматташууну өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирди. “Тажрыйба көрсөткөндөй, дүйнөдө бир дагы өлкө өнөр жайын өнүктүрбөй туруп экономикасын өркүндөтө албайт. Өнөр жайын өнүктүрүү боюнча бир топ тажрыйбабыз, мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. ЮНИДО  агротармагын, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, өнөр жайында энергонатыйжалуулукту жогорулатуу, ошондой эле экономиканын түрдүү тармактарында жаңы технологияларды ишке киргизүү  максатында  Кыргызстан менен биргелешип тыгыз иштешүүгө даяр”,- деди ЮНИДОнун башкы директору.

Мындан тышкары Ли Юн өлкөнүн  өнөр жайын өнүктүрүүнүн негизги приоритеттери камтылган 2013-2017-жылдарда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы  иштелип чыккандыгы  абдан маанилүү жагдай экендигин белгилеп өттү.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен ЮНИДОнун ортосундагы кызматташтык Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүүгө олуттуу түрткү берет деген  ишенимин билдирди. “Өлкөбүздүн экономикасынын туруктуу өнүгүшү үчүн бул абдан маанилүү иш”,- деп жыйынтыктады Мамлекет башчысы.

Маалымдама: Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму (ЮНИДО) – өнөр жайын өнүктүрүү жана өнөр жай тармагында эл аралык кызматташууга көмөктөшүү боюнча БУУнун ыйгарым укуктуу адистешкен мекемеси.

2014-жыл 29-апрель