Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Афганистандын Президенти Хамид Карзайга суу ташкындын кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Бүгүн, 2014-жылдын 28-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Хамид Карзайга суу ташкындын кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

“Афганистандын түндүгүндө суу ташкындын кесепетинин көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кайгылуу  кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуусунда.

Президент Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын бардыгы тезирээк сакайып кетишин каалады.

2014-жыл 28-апрель