Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Бактыбек Жусубалиев менен Сүйүнбек Өмүрзаковго генералдык погондорду тапшырды

Бүгүн, 2014-жылдын 26-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары  Бактыбек Жусубалиев менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын начальниги Сүйүнбек Өмүрзаковго генералдык погондорду тапшырды.

Буга чейин Мамлекет башчысынын Жарлыктарына ылайык, Бактыбек Жусубалиев менен Сүйүнбек Өмүрзаковго “милициянын генерал-майору” кезектеги атайын наамдар ыйгарылган.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда ички иштер органдарынын жоопкерчилиги өзгөчө экендигин айтты. Мамлекет башчысы   элдин  ишенимине татыктуу болуш үчүн милиция кызматкерлери али көптөгөн иштерди аткарууга милдеттүү экендигин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Бактыбек Жусубалиев менен Сүйүнбек Өмүрзаковго коомдо тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызматтарында ийгилик  каалады. 

2014-жыл 26-апрель