Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мстислав Ивановдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, «Даңк» орденинин толук кавалери Мстислав Борисович Ивановдун үй-бүлөсүнө көңүл  айтты.

“Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, «Даңк» орденинин толук кавалери Мстислав Борисович Ивановдун дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.”,- деп белгиленет көңүл айтууда.

Президент Кыргызстан Мекенибиздин татыктуу дагы бир уулунан ажырагандыгын баса белгиледи.

“90 жылдык мааракесине байланыштуу акыркы жолугушуубузда Мстислав Борисович кезектеги Жеңиш күнүн шайдоот тосуп алам деген зор үмүттө турган. Өлкөбүздөгү азыркы кырдаал тууралуу ой-пикирлерин ортого салган. Ардагерибиз өлкөбүз үчүн, Кыргызстан үчүн чындап күйгөн”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев Мстислав Борисович Ивановдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл атты.

2014-жыл 26-апрель