Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: "Алар Мекенибиз, биздин бейпил турмушубуз үчүн өз өмүрүн аяган жок. Курман болгондордун жаркын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат"

Бүгүн, 2014-жылдын 26-апрелинде, “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларына жана кызматкерлерге Мекенди коргоодо, кызматтык милдетин аткаруудагы эрдиги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле Мамлекет башчысы Мекенди коргоп курман болгон Александр Барыкиндин, Канат Дүйшөналиевдин, Бакытбек Абдыраевдин туугандарына  мамлекеттик сыйлыктарды  тапшырды.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандын тарыхындагы эң татаал учурларында  Мекенин, өз жерин коргоо үчүн аскерлер менен бирдикте карапайым кыргызстандыктар  тикесинен тик тургандыгын белгилеп өттү. «Эл четинде, жоо бетинде туруп, өз өмүрүн аябай, туулган жерин коргоп, биздин мамлекеттүүлүгүбүздү сактап келишкен”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Президент Улуу Ата Мекендик согуштун талааларында душманга каршы туруп, улуу Жеңишти камсыз кылган аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын эрдигин өзгөчө белгиледи. “Чолпонбай Түлөбердиев согуш жылдарында биринчи болуп өз денеси менен фашисттердин амбразурасын тосуп, эрдик көрсөткөн. Миңдеген кыргызстандыктар афган согушунун  отун кечип, Баткен окуяларына катышкан. Бүгүнкү тынч мезгилде дагы, Мекенибиздин чек арасын коргоп, криминалга, кылмыштуулукка каршы күрөшүп, Мекен сакчылары курман болуп жатышат”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Мекенди коргоодо курман болгондордун туугандарына көнүл айтты. “Мекени үчүн курман болгон Александр Барыкиндин, Канат Дүйшөналиевдин, Бакытбек Абдыраевдин жаркын элестери, каармандыгы элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Алардын эрдиги  өз Мекенине жана элине кызмат кылуунун бийик үлгүсү болуп кала берет”, - деп белгиледи Президент.

Алмазбек Атамбаев эң башкы максат – бейпил, бирдиктүү жана адилеттүү Кыргызстанды сактап калуу экендигин белгиледи. “Тилекке каршы, айрым күчтөр жана саясатчылар өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирүүгө даяр экенин көрүп жатабыз. Ал эми жөнөкөй жарандар болсо Мекен үчүн жанын аябай, курман болууда. Биз өлкөдөгү биримдикти көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Эркин, эгемендүү өлкөнү куруу, биримдикти сактоо жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Биз сыймыктангыдай мамлекет курууга милдеттүүбүз”, - деди Мамлекет башчысы.

Алмазбек Атамбаев министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине курман болгон баатырлардын үй-бүлөлөрүнө керектүү жардам берип, кам көрүүгө милдеттендирди.  “Алар Мекенибиз, биздин бейпил турмушубуз үчүн өз өмүрүн аяган жок. Курман болгондордун жаркын элесин, эрдигин түбөлүккө жүрөгүбүздө сактоого милдеттүүбүз”,- деп сөзүн жыйынтыктады Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев төмөнкүлөргө сыйлык тапшырды:

III даражадагы "Манас" ордени менен:

Барыкин Александр Васильевич
(курман болгондон кийин)

-

Кыргыз Республикасынын Ысык-Кол облусунун мергенчилер жана балык улоочулар коомунун директору;

Буйлашов Изат Эсентурович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "БӨРҮ" атайын багыттагы отрядынын зардалы;

Шаршеев Уларбек Зарлыкович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн командири;

"Эрдик" медалы менен:

Абдыкаимов Элзаир Маматысаевич

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 52870-аскер бөлүгүнүн отрядынын тобунун командири;

Абдыраев Бакытбек Бообекович
(курман болгондон кийин)

-

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн камсыздоосунун айдоочу-милиционери;

Арыкбаев Русланбек Советбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун административдик чарбасынын башчысы;

Аскарбек уулу Таштанбек

-

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол кайгуул кызматынын инспектору;

Асылбеков Кутман Асылбекович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн "БӨРҮ" атайын багыттагы 2-тобунун чалгынчысы;

Бейшенов Арген Асаналиевич

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 52806-аскер бөлүгүнүн отрядынын ага чалгынчысы;

Дуванаев Максат Кубанычбекович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "Көк-Таш" чек ара тозотунун зардалы;

Дүйшөналиев Канат Өмүрбекович
(курман болгондон кийин)

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин 2022-аскер бөлүгүнүн "Самаркандык" чек ара тозотунун зардалынын орун басары;

Максытов Үсөн Кубатбекович

-

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам аракеттенүүчү атайын отрядынын 1 -бөлүмүнүн кенже оперуполномоченныйы;

Матмусаев Асылбек Калдыбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн командири (атайын багыттагы отрядынын командири);

Молдошев Батыр Жеңишович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "БӨРҮ" атайын багыттагы отрядынын 3-тобунун командири;

Орозов Акжигит Нурланович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн "БӨРҮ" атайын багыттагы 1-тобунун чалгынчысы-пулеметчу;

Райимкул уулу Баатырбек

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "БӨРҮ" атайын багыттагы отрядынын чалгынчысы-фельдшер;

Сейдалиев Адылбек Жармаматович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн командиринин тарбия иштери боюнча орун басары - бөлүмдүн зардалы;

Сулайманов Шерикбек Абдулхакимович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн "БӨРҮ" атайын багыттагы 1-тобунун чалгынчысы-көзгө атар;

Сулаймбеков Арстанбек Кудайбергенович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн ыкчам иштер бөлүмүнүн (чалгындоо боюнча) ага офицери;

Токтоматов Алтынбек Шергазыевич

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн "БӨРҮ" атайын багыттагы 2-тобунун командири;

Үмөталиев Адилет Шактыбекович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "БӨРҮ" атайын багыттагы отрядынын атайын багыттагы 2-тобунун ага чалгынчысы;

Шамуратов Бакыт Ашырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2028-аскер бөлүгүнүн "Акшыйрак" чек ара кызматынын бөлүмүнүн материалдык-техникалык камсыздоо боюнча техниги;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:

Исраилов Алмаз Иманахунович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн "БӨРҮ" атайын багыттагы 1-тобунун командири;

Маккамбаев Гылычбек Төлөнович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2051-аскер бөлүгүнүн "БӨРҮ" атайын багыттагы отрядынын атайын багыттагы 2-тобунун чалгынчысы;

Элчибеков Азат Элчибекович

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 30630-аскер бөлүгүнүн тобунун командири;

Эркинбаев Санжарбек Нуралиевич

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 52870-аскер бөлүгүнүн командири.

2014-жыл 26-апрель