Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2014-жылдын 25-апрелинде, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумда төмөнкү маселелерди кароо улантылды:

1. «Таза шайлоолор – өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизи»: шайлоо жол-жоболорун жакшыртуу жана 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоолорго даярдыктын жүрүшү тууралуу жумушчу топтун сунуштары;

2. 2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы тууралуу.

Отурумдун жүрүшүндө Калкты бирдиктүү мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча Ыкчам иш-аракеттердин планын сунуштаган КР биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин доклады угулду. Мунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2015-жылы таза жана ачык шайлоо өткөрүү пландаштырылууда.

Тайырбек Сарпашевдин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттин жарандарынын биометрикалык маалыматын чогултуу боюнча кыска мөөнөттө уюштуруучулук, нормативдүү, техникалык жана технологиялык, маалыматтык жумушту жүргүзүүнү пландаштырууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттин жарандарынын биометрикалык маалыматын чогултуп баштоону 2014-жылдын 1-сентябрына белгиледи. Бул процессти көзөмөлдөө жана башкаруу үчүн жакын арада борбордук жана ошондой эле аймактык жана ведомстволук штабдар түзүлөт. Биринчи вице-премьер-министр бул ишти аткарууда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөлөрүнөн колдоо сурады.

Тайырбек Сарпашев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жогоруда белгиленген пландарды ишке ашыруу үчүн бардык каражат табылгандыгын билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы таза жана адилеттүү шайлоого даярдык боюнча иштин маанисин баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев баштаган Өкмөткө алдыга коюлган маселени чечүүдө ыкчам аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. “Биздин максат бардык жарандарды биометрикалык паспорттор менен камсыз кылуу гана эмес, таза шайлоо өткөрүү. Элибиз баарына чыдап бере алат, бирок акыйкатсыздыкка чыдабайт. Таза шайлоо гана – өлкөнүн туруктуу өнүктүрүүнүн өбөлгөсү”, - деди Президент.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык пландаштырылган иш-чараларды 2014-жылдын 1-сентябрына чейин аткарышы керек. “Азыр бул жерден баарыңар баш ийкегилеп, иш жүзүндө эч нерсе жасалбай калгыдай болбошу керек. Айткан сөзгө туруш керек. Биз ушул эле курамда сентябрда чогулабыз, эгерде коюлган максаттарды ишке ашырбасаңар, отставкага кете берсеңер болот ”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошондой эле отурумдун катышуучуларынын көңүлүн “Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык каттоосу жөнүндө” Мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кылдат каралышы керектигине бурду. “Парламенттеги сапаттуу талкуулардын натыйжасында туура чечим кабыл алынат деп ишенем. Антпесе менде вето коюу укугум бар, аны колдонууга мажбур болом”, - деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы жумушчу топтун мүчөлөрүнө Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштары менен пикирлерин эске алуу милдетин тапшырды.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөлөрү жумушчу топтун шайлоо жол-жоболорун жакшыртуу жана 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча сунуштарын колдоо боюнча чечим кабыл алышты.

Экинчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, тил саясатын жакшыртуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Чыныбай Турсунбековдун доклады угулду.

Докладда белгиленгендей, 2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы буга чейинки программалардан андагы Кыргызстанда жашаган башка этностордун тилдерин сактоо жана өнүктүрүү менен бирге мамлекеттик тилди толугу менен пайдаланууну камсыз кылуунун конкреттүү жолдору жана механизмдери так көрсөтүлгөндүгү менен айырмаланат.

Бул маселе боюнча экинчи докладчик катары Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Назаркул Ишекеев чыгып, сунуш кылынган Улуттук программанын өзгөчөлүктөрү жана инновациялары тууралуу айтып берди.

Бардык катышуучулар сунушталган программаны колдошуп, анын эртерээк ишке ашуусу боюнча калоолорун айтышты.

Мамлекеттеги тил саясаты жөнүндө айтып жатып Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик тилди башка тилдер менен бирдикте өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы кыргыз тили өлкөдө бириктирүүчү ролду ойношу керектигин белгиледи. “Кыргыз тили болбосо – Кыргызстан да жок болот”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Жыйынтыгында Президент 2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын иштеп чыккандарга ыраазычылык билдирди.

2014-жыл 25-апрель