Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Неждет Озелди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 24-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги Неждет Озелди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аскер-техникалык кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү маселелери, ошондой эки өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабтарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча пландар талкууланды.

2014-жыл 24-апрель