Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги отуруму 2014-жылдын 25-апрелинде өткөрүлөт

Эртең, 2014-жылдын 25-апрелинде өткөрүлө турган Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин өткөрүлө турган кезектеги отурумунда төмөндөгү маселелер каралмакчы:

1.  2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоолорго даярдыктын жүрүшү тууралуу (“Таза шайлоолор – өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизи”).

2. 2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди  өнүктүрүүнүн жана  тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы тууралуу.

Эскерте кетсек, 2014-жылынын 15-апрелинде өткөрүлгөн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынындагы талкуулардын жыйынтыгында күн тартибиндеги маселелерди кароону улантуу тууралуу чечим кабыл алынган.

2014-жыл 24-апрель