Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев белгилүү жазуучу Габриэль Гарсия Маркестин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Габриэль Гарсия Маркестин жубайы - Мерседес Барча Пардого телеграмма жолдоду.

Телеграммада мындай деп айтылат:

“Дүйнө жүзү чоң жоготууга учурады. Габриэль Гарсия Маркес - азыркы замандын залкар жазуучу, ойчулу жана философу дүйнөдөн кайтты. Ал “Дүйнөнүн адамы” болчу. Жакшылык, сүйүү жана ишеним алып келген адам эле. Ал бизди жашоого, ишенүүгө, сүйүүгө, жаратмандыкка  үйрөткөн. Анын залкар мурасы жазуучунун чыгармаларында сакталып калат. Жазуучунун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Терең кайгыруу менен үй-бүлөңүзгө жана жакындарыңызга көңүл айтам”.

2014-жыл 22-апрель