Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды

Бүгүн, 2014-жылдын 22-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдикабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика жана өнөр жай министри Мамлекет башчысына жылытуу мезгилинин кандай өткөрүлгөндүгү, өлкөнүн энергетикалык системасынын күзгү-кышкы мезгилде иштеши туурасында маалымат берди.

Мамлекет башчысы Энергетика жана өнөр жай министрлигине курулуп жаткан подстанциялардын пайдаланууга берилишин камсыз кылуу, өлкөбүздүн  негизги энергетикалык обьектилерине отунду ташып-жеткирүүгө келишимдерди өз учурунда түзүү жана аларды ремонттоо иштерин өз  мөөнөтүндө аяктоо милдетин тапшырды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Осмонбек Артыкбаев ошондой эле өлкөдөгү жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн дагы талкуулады.

Тактап айтканда, министр Мамлекет башчысына 1961-жылдан бери эксплуатацияланып келе жаткан  Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо долбоорун  ишке ашыруунун башталышы тууралуу маалымат берди.

Осмонбек Артыкбаевдин маалыматы боюнча долбоор аяктагандан кийин 2016-жылы станциянын болжолдуу кубаттуулугу 550 МВт. болот, жаңы буу агрегаттары жергиликтүү көмүр менен жылытылат.

Президент Алмазбек Атамбаев министрге келерки күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү жана ири энергетикалык долбоорлорду өз учурунда ишке ашыруу боюнча конкреттүү милдеттерди тапшырды.

2014-жыл 22-апрель