Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин IV отуруму өтүп жатат

Бүгүн, 2014-жылдын 15-апрелинде, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин IV отуруму өтүп жатат.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөлөрү күн тартибин бекитип, ага ылайык төмөнкү маселелер каралат:

1.  2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоолорго даярдыктын жүрүшү тууралуу (“Таза шайлоолор – өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизи”). Баяндамачы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев.

2. 2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди  өнүктүрүүнүн жана  тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы тууралуу. Баяндамачы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чыныбай Турсунбеков.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн кароосуна чыгарылган маселелердин мааниcин белгиледи. “Кыргызстандын туруктуу жана стабилдүү өнүгүүсүнө шайлоо экономикалык өнүгүү, коррупция менен күрөшүү, аскер жана сот реформалары сыяктуу эле маанилүү. Биздин эл кээде экономикалык көйгөйлөр менен жакырчылыкка чыдашы мүмкүн, бирок адилетсиздикке чыдабайт. 2005-жылдын февралында таза парламенттик шайлоо өтсө, 2005-жылдын март окуялары болмок эмес. 2010-жылдын апрель окуяларынын башталышы да 2007-жылдагы абдан адилетсиз өткөн шайлоодон жана 2009-жылкы президенттик шайлоодогу көп сандагы мыйзам бузуулардан улам болгон”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөлөрүн конструктивдүү болууга жана кун тартибине коюлган маселелерди кароодо кылдат мамиле жасоого чакырды.

2014-жыл 15-апрель