Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жогорку билим берүү системасын жакшыртуунун негизги багыттарын жактырды

Бүгүн, 2014-жылдын 11-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын  билим берүү жана илим министри Канат Садыков  жана Мамлекет башчысына караштуу Билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук эксперттик кеңештин эксперттери  менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү системасын жакшыртуу концепциясынын долбоору талкууланды. Президент бул документтин негизги багыттарын жактырды. Бирок, Алмазбек Атамбаевдин айтымында “жакшы пландар кагаз бетинде калбаш үчүн”  Билим берүү жана илим министрлиги жана эксперттик коомчулук  бир топ күч-аракет жумшаш керек.

Концепциянын  максаты  эмгек рыногунун  талаптарына ылайык  түрдүү менчик формадагы, академиялык жана чарбалык кеңири өз алдынчалыкка ээ, билим берүүнүн сапаты үчүн жоопкерчиликтүү болгон жогорку окуу жайлардын натыйжалуу иштеген тармагын түзүү болуп саналат.

Президент Алмазбек Атамбаев  Кыргызстандын эли окутуунун сапатын жогорулатууну жана коррупцияны жоюуну негизги приоритет катары эсептеген жогорку окуу жайлар системасын реформалоонун реалдуу жыйынтыгын көрүүгө тийиш.

2014-жыл 11-апрель