Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты

Бүгүн, 2014-жылдын 9-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынын жүрүшүндө болгон салтанаттуу аземде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү мүчөлөрү ант беришти:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Оторбаев Жоомарт Каипович;

- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич;

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Маматалиев Абдырахман Мадакимович;

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Диль Валерий Исидорович;

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Сариева Эльвира Кубанычбековна;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министри Момуналиев Нурханбек Сакенович.

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Абдылдаев Эрлан Бекешович;

- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Суранчиев Абдулда Шергазиевич;

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри Шыкмаматов Алмамбет Насырканович;

- Кыргыз Республикасынын финансы министри Лаврова Ольга Владимировна;

- Кыргыз Республикасынын экономика министри Сариев Темир Аргембаевич;

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Айдаралиев Таалайбек Алимбекович;

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Султанов Калыкбек Иманалиевич;

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Боронов Кубатбек Айылчиевич;

- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Садыков Канат Жалилович;

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сагинбаева Динара Зарлыковна;

- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Талиева Камила Абдыразаковна;

- Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри Базарбаев Кудайберген Базарбаевич;

- Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри Алымкулов Алисбек Төлбашиевич;

- Кыргыз Республикасынын коргоо министри Кудайбердиев Абибилла Алимович

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Табалдиев Бусурманкул Беркутович.

2014-жыл 9-апрель