Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун элесин эскерди

Бүгүн, 2014-жылдын 7-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Президент Алмазбек Атамбаев «Ала-Тоо» аянтындагы 2010-жылдын Элдик апрель революциясы күнүнүн төрт жылдыгына арналган иш-чаралардан кийин, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон баатырлардын бейитиндеги монументалдык тактага гүлчамбар коюу менен 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын баатырларынын элесин эскерди.

Элдик апрель революциясынын күнүнүн төрт жылдыгына арналган гүлчамбар коюу аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев, «Ала-Тоо» аянтында 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, КР мамлекеттик башка органдарынын жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Андан кийин куран окулду.

2014-жыл 7-апрель