Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

2014-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Алматы шаарына жасаган иш сапардын алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун  актуалдуу маселелерин, өз ара кызыгуу жараткан түрдүү тармактарда боордош эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн чыңдоонун перспективалары талкууланды.

Ошондой эле Мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Астанада өтө турган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин отуруму талкууланды. Эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү улам өсүп, 2011-жылдан бери 40%га  жогорулап, 1 миллиард долларга жеткендиги белгиленди.

Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы  кызматташуунун жогорку деңгээлин жана эң жогорку деңгээлде эки өлкөнүн ортосундагы жолугушууларды улантуунун зарылчылыгын белгилешти.

2014-жыл 27-март